Парламент «Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун биринчи окууда кабыл алды  

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 6-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Конституциялык сот жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам  долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси – президент.

Конституциялык мыйзам  долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Ал белгилегендей, Жогорку сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды  Конституциялык сотко да  берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда президенттин сунушу боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда олуттуу жаңы жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргыз Республикасынын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору КР Конституциясына карама-каршы келерин баса белгилеп, конституциялык соттун чечимдери кайра каралбашы керектигин айтты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев президент жана Конституциялык соттун төрагасы сыяктуу эле Жогорку Кеңештин төрагасына да Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын берүү маселесине көңүл бурду.

Ал эми, депутат Медербек Алиев бул маселе Конституциялык соттун “матчество” боюнча акыркы кабыл алган чечимине байланыштуу экендигин айтып, соттун чечимдерин кайра кароо мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүнүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында билдирип, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты.

“Бул кыргыз элине, улутка чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз кызматтан кетиши керек. Келечекке балта чапкан осол иш болбошу керек эле. Бул абдан жат көрүнүш. Конституциялык соттун толук курамы кызматтан кетишин талап кылам” деди Шакиев.

Сүрөт: kenesh,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты