Парламент комитети депутат Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзөт

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети Башкы прокуратуранын Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча сунуштамасын карады. Парламент комитети Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү боюнча комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча комитет маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат.

Буга чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорку Кеңешке сунуштама киргизген.

Башкы прокуратурага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иштин ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөндүгүн кабарлаган.

12-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Мушташ ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да байкалганы айтылган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты