Парламент Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди.  

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип,  президенттин сунуштамасы менен тааныштырды.  

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо тармагында негизги төрт багытта иш алып барарын айтып, өзгөчө системалуу коррупция менен күрөшүүгө, калкты дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылууга, өлкө аймагындагы медициналык мекемелерди курууга жана жабдууга көңүл бурарын белгиледи.

Жогорку Кеңеш Эркин Чечейбаевди саламаттык сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берди. 

3-февралда Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Чечейбаев Эркин саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалган.

Сүрөттө: Эркин Чечейбаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты