Парк аймагындагы жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Аталган жер тилкеси И. Панфилов паркынын аймагына таандык, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет.  Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Бул жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран, жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу  баасы 41 678 000 сом болгон жерди муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Буга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды  аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты