Париж. Ле Бурже аэропорту. Президент Жапаровду тосуп алышты
- 7 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды.
Мамлекет башчынын борту Ле Бурже эл аралык аэропортуна конду.
Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.



Сүрөттөр: president.kg
Муну бөлүшүү