Президент Жапаров Францияда жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат
- 2 года мурун
Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган. 26-июлда Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат” деди ал.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.
Олимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан




