Пара талап кылуу боюнча Каракол ИИБ кызматкерлери кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК)  ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирге 4-февралда Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлерин пара алып жаткан жеринен кармады.

Бул тууралуу УКМК басма с\з кызматы билдирди.  

Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү Т.Б.Т жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери А.К.Т. сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан.

Иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде кылмыш-жаза кодексини 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери кармалып жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБ тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты