Пара берип жатканда иши тергөөдөгү киши жана анын бир тууганы кармалды   

Козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерине А.М.А. аттуу жаран 30 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.

2022-жылдын 19-февралында бул факт кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгүнүн (пара берүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

2022-жылдын 5-мартында УКМК кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда А.М.А. жана анын бир тууганы А.Н.А. кармалды.

УКМК тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 11,51 кг наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган КР жараны А.М.га. кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшош заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты