Пара берүү учурунда Сокулуктагы билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси кармалды

  • 2 года мурун

21-апрелде финансы-чарбалык иштерди текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары М.С.Ш. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

М.С.Ш. мамлекеттик сатып алуу иштеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатын көздөп, УКМК кызматкерине 20 миң сом пара берүү учурунда кармалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты