Пара алып жатканда Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 17-октябрда кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу К.Т.А. кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Ал мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн С.А.аттуу жарандан 500 доллар талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда кармалды.

17-октябрда К.Т.А. жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты