Пара алууга шектелип, мурдагы тергөөчү кармалды
- 1 год мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) пара опузалоо боюнча, мурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кызматтан убактылуу четтетилген Бишкек шаарынын Свердлов ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) мурдагы тергөөчүсү кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын Бишкек шаары боюнча ички иштер башкы башкармалыгынан келип түшкөн материалдардын негизинде милициянын улук лейтенанты Ч.Н.Н.га пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. ИИБдин мурдагы тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Ч.Н.Н. (кызматынан убактылуу четтетилген) жеке кызыкчылыгын көздөп, Ш.А. аттуу жаранга кылмыш ишин тергеп жатканын айтып, анын алкагында кылмыш жоопкерчиликке тартам деп коркуткандыгы аныкталган. Бул маселени оң жагына чечүү үчүн Ч.Н.Н., Ш.А. аттуу жарандан 2500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган” деп айтылат маалыматта.
20-мартта кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара опузалоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында акча каражатынын бир бөлүгүн 165 000 сомду электрондук капчыкка которуудан кийин Ч.Н.Н. пара менен кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган тергөөчүгө Бишкек шаардык ИИБ тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209, 379 жана 337-беренелери боюнча: документтерди жасалмалоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, кызматынан убактылуу четтетилген. Бирок, Ч.Н.Н дагы бир кылмышка шектелүүдө.
Баш сүрөт: УКМК видеосунан алынды




