Пара алуу боюнча Жайыл райондук сотмедэкспертиза жетекчиси кармалды

  • 2 года мурун

Жайыл райондук соттук-медициналык экспертиза жетекчиси А.Н.Т. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Факты кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн моргго кабыл алуу жана каттоо, каза болгондугу тууралуу күбөлүк берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды.

Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык факты аныкталып, документтештирилген.

Кармалган киши  УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты