“Паллада” казиносунун негиздөөчүсү кармалды
- 10 месяцев мурун
“Паллада” казиносунун негиздөөчүсү З.Т.И. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо шеги менен кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин З.Т.И. узак убакыт бою Кытайдан Кыргыз Республикасынын аймагына келген товарларды ташуу жана бажыдан өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген. Бул иштерде анын негизги колдоочусу мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы башчысы М.М.Ж. болгон. Анын жардамы менен ташылып келген жүктөрдү мыйзамсыз декларациялоонун ар кандай схемаларын колдонуу жолу менен эл керектөөчү товарлар өлкө аймагына импорттолгон. Мындай кылмыштуу аракеттер алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүнөн качуусуна өбөлгө түзгөн.
Мындан тышкары, З.Т.И. мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу менен алектенип, Бишкектеги «Паллада» казиносунун негиздөөчүсү болгон. Ошол эле учурда кумар оюндарын уюштуруудан түшкөн каражаттын эсебинен Рысбек Акматбаевдин жана «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) кылмыш топторунун мүчөлөрүнө каржылык жардам көрсөтүп турган.
«Паллада» казиносунун мүлк комплекси өз убагын уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевге (К.Асанбек) тиешелүү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө З.Т.И. нин жашаган жеринен тиешелүү документтери жок «ПМ» жана «ПСМ» үлгүсүндөгү номурлары өзгөртүлгөн эки тапанча, «Сайга» жана «Тигр» маркасындагы ок атуучу куралдар, винчестер, ар кандай калибрдеги октор, 5 даана магазин, ок-дарылар табылып алынды. Ошондой эле, салмагы 20 грамм болгон гашиш баңги заты табылган.
25-августта З.Т.И. кармалып, кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




