Пакистан жооп катары Ирандын аймагындагы объектилерге сокку урду

  • 3 месяца мурун

Пакистан Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урду. Бул тууралуу CNN телеканалы Пакистандын коопсуздук кызматынын өкүлүнө шилтеме кылып кабарлады.

Пакистан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүндө Исламабад «Ирандын Систан жана Белуджистан аймагындагы террорчулар баш калкалап турган жерлерге координацияланган жана жогорку тактыктагы соккуларды жасаганы» жазылган.

Ошол эле маалда Пакистан Иранды боордош эл деп атап, анын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын белгилеген.

Систан жана Белуджистан провинциясынын губернаторунун орун басары Алиреза Мархамати мамлекеттик телеканалга берген маегинде Сераван шаарындагы жарылуудан кеминде жети киши өлгөнүн, анын үчөө аял, төртөө бала экенин билдирди. Алардын баары тең чет өлкөлүк жарандар болгон.

Ирандын бийлиги дагы бир жарылуу Сераван шаарына жакын жерде катталганын, ал жакта эч ким жабыркабаганын билдирди.

Mehr агенттигинин маалыматына караганда, Пакистан чабуул коюуда ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонгон.

Буга чейин Иран Пакистандагы, Ирактагы жана Сириядагы бир катар объектилерге сокку жасаган. Тегеран Пакистанда белудждук жикчилдердин кызыкчылыктарын коргогон «Жейш аль-Адл» тобун бутага алганын билдирген.

Ирандын бийлиги «Жейш аль-Адл» тобун террордук уюм деп эсептейт. Ал Пакистанда 2012-жылдан бери иш алып барат. Бул топтун мүчөлөрү исламдын суннит агымынын салафит багытын карманышат жана Ирандын азыркы шиит агымындагы бийлигине каршы күрөш жүргүзүп келишет.

Пакистандын бийлиги бул соккулардан эки киши өлгөнүн билдирген. Исламабад Ирандын мындай «мыйзамсыз аракетине» реакция кылууга укугу бар экенин билдирген. Ирандын бул соккуларына байланыштуу Багдад менен Исламабад Тегерандагы элчилерин чакыртып алган.

Пакистан да, Иран да көптөн бери ортодогу 900 чакырымга созулган чек араны бойлой жайгашкан аймактардагы жикчилдер менен күрөш жүргүзүп келишет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты