Оштун мэри күйөөсүнүн колунан каза тапты деген келиндин балдарын мектеп-интернатка орноштурууга жардам берээрин билдирди

Күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин туулуп- өскөн жери Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев келип ата-энесине жолугуп куран окутуп, көңүл айтты.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр бул каргашалуу окуя жалпы Кыргызстандыктарды кайгыга салып, аялзатына болгон мындай мамилени айыптап жатышканын билдирди.

Ошондой эле маркумдун артында калган, мектеп жашындагы балдарын Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернатына жайгаштырууга жардам берерин, ал жерде жатакана, тамак-аш, кийим кече менен камсыздалып көзөмөлдө болорун кошумчалады.

Кара-Кулжа районунда мектепти бүтүргөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилөөдөн кийин кызганычтан улам аялын өлтүрүүгө шектүү кармалган.

-2025-жылдын 26-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. денесинен алган жаратынан улам, ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

“Бул факты каттоого алынып, окуя болгон Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын негизинде, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтылат маалыматта.

Мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү катары 20 жылдык салтанаттан кийин кызганычтан улам күйөөсүнүн колунан каза тапты деген келиндин апасы, жакындары каргашалуу окуя тууралуу:

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты