Оштогу Яккалик каналынан изделип жаткан кишинин сөөгү табылды    

  • 12 месяцев мурун

 

Ош шаарынын Аношин көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаадар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган каналга бир киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге 26-апрелде түшкөн. Саат 00:50дө Ош шаардык куткаруу кызматынан куткаруучулар тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө убактылуу токтотулган.

Бүгүн таң эртең менен каналдан 35-40 жаштагы славян тектүү кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: ӨКМ басмс сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты