Оштогу “Эл Пласт” жылына 15 миң тонна продукция чыгарат. Президент  ишкананын иши менен таанышты  

  • 2 месяца мурун

 Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү “Эл Пласт” ишканасына барды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тонна продукция чыгаруу.  Негизги керектөөчүлөр болуп “Таза суу” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык тузүмдөр жана эл аралык уюмдар саналат.

Өндүрүштө Россиядан, Ирандан жана Кытайдан импорттолгон полиэтилен гранулдары колдонулат.

2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын январь айына чейин ишканада 900 млн сомдон ашык суммага продукция өндүрүлүп, сатылды, муну менен катар 100 млн сомдун тегерегиндеги салык төлөндү.

Президент ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого багытталган өндүрүштүк демилгелерди мындан ары да колдоонун зарылдыгын белгиледи.

Оштогу “Эл Пласт” жылына 15 миң тонна продукция чыгарат. Президент  ишкананын иши менен таанышты  
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты