Ош шаарында сабалган дыйканга базардан орун бериле турган болду

  • 1 месяц мурун

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош базарда кулпунайын базарга саттырбай, сабап жаткан окуядан кийин жабырлануучуну кабыл алды жана ага муниципалдык базардан орун берүү тапшырмасы берилди.

Жолугушууда жабырлануучуга жаңы базардан соода жүргүзүү үчүн орун берилгени маалым болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

4-июлда социалдык тармактарда Ош шаарындагы базардын аймагында жарандардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ызы-чуу, мушташ болуп жаткандагы видео тараган.

Аталган окуя ошол эле күнү Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө катталып, окуя боюнча териштирүү иштери башталган. Окуяга тиешеси бар жарандар аныкталып, алар милицияга жеткирилген жана пикир келишпестиктин себептери такталууда.

Дыйкан социалдык тармактарда өзү өстүрүп жаткан кулпунай талаасын көрсөткөн.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты