Ошто жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кеңсеси ачылды
- 5 месяцев мурун
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Ош шаарында кеңсеси ачылды.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун кеңсеси, ошондой эле кетүүгө чейинки багыт берүү жана реинтеграция борбору Амир-Тимур көчөсү, 9А. дрегинде жайгашкан.
Мамыров жана Амир-Тимур көчөлөрүнүн кесилишинде.
Кеңседе жарандар чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, уюшкан түрдө жумушка орноштуруу программаларына катышуу, керектүү документтерди даярдоо, кетүүгө чейинки даярдык жана реинтеграция маселелери боюнча консультация алышат.
Сүрөт: Эмгек министрлиги
Муну бөлүшүү




