Ошто өрттөн бир жаран жабыркады

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 3-июнда, Ош шаарынын 218-кварталында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалда министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Өрттү өчүрүүгө саат 13:53тө Ош шаардык №12 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн өрт өчүрүүчү бир бөлүм, кошумча саат 14:08де бир бөлүм, жалпы эки бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:12де өчүрүлгөн. Ал кырсыктын кесепетинен 64 жаштагы Р.А. аттуу эркек киши бетинен жана колунан күйү калган, абалы туруктуу. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

ӨКМ өрт коопсуздук эрежени сактоону эскертет. Кырсык катталган учурда “112” номерине байланышыңыз.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты