Ошто өрт кырсыгы жалмаган эне менен беш баласынын сөөгү жерге берилди
- 4 недели мурун
- Видео
Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө орун алган өрт кырсыгынан каза тапкан эне жана анын беш баласынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Балдардын атасы, Түштүк Кореяда иштеп жүрүп, бүгүн, 23-октябрда, таңга маал келген. Андан кийин сөөк коюу зыйнаты уюштурулду.
Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда кырсыктын кесепетинен каза тапкан алты адамдын сөөгү табылган. Алар — 34 жаштагы аял жана анын 5 баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон.
Коштошуу зыйнатына маркумдардын туугандары, жакындары, кошуналары, замандаштар, шаардын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үй-бүлөсүнөн ажыраган атага кайрат айтып, сабырдуулук тилешти. Жергиликтүү бийлик тарабынан жардам көрсөтүлөрү айтылды.
Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 22-октябрда, болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жеткен. Саат 06:25те чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 280 ч.м. түзгөн
Кырсыктын себеби такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, үйдө электр жылытуучу аспап колдонулган. Өрт Он-Адыр аймагында жайгашкан, үй ремонттолуп жаткан.
Статистика боюнча быйылкы жылдын башынан бери 9 айда республикада 2748 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылдын 9 айында 2284 учур катталып, өрттүн саны салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.
Адам өлүмү боюнча айтсак, ушул акыркы окуяда каза болгондор менен кошо эсептегенде 40 адамдын өмүрүн алды, алардын 12си — жаш балдар.
Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Сүрөт: Өрт чыккан үй. ӨКМ басма сөз кызматы




