Ош-Алай унаа жолундагы сел кырсыгынан 6 адам каза болуп, экөө жабыркады

24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 6 адамдын өмүрүн алган кырсык катталды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Ош-Алай унаа жолунун 58-чакырымында жеңил автоунаа сел суусуна агып кеткен. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында автоунаада болгон жарандардын ичинен 6 адамдын сөөгү табылып, экөө жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилген.

Учурда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгондорго тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле тек-жайы тактала элек жабырлануучуну аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды нөшөрлөп жааган жамгыр учурунда тоолуу жана сел коркунучу бар аймактарда өзгөчө этият болууга, аба ырайы боюнча берилген шашылыш эскертүүлөрдү так аткарууга чакырат.

Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты