Ошто өргүүдөгү куткаруучулар каналда чөгүп бара жаткан өспүрүм кыздарды куткарышты  

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 22-августта, куткаруучулар сууга чөгүп баратканда куткарылган кыздардын абалынан кабар алышты. Өспүрүм кыздардын ден соолугу канааттандырарлык абалда экени белгилүү болду.

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

21-августта Ош шаарынын Алай конушундагы Араван-Ак-Буура каналында сууга чөгүп бара жаткан эки өспүрүм кызды өргүүдө жүргөн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын аскер кызматкерлери Бексултан Канжарбек уулу жана Абдыкалык кызы Кулпунай куткарып калышты.

Куткаруучулар өспүрүмдөрдү суудан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, андан соң жабыркагандарды”Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Бүгүн, 22-августта, куткаруучулар сууга чөгүп баратканжа куткарылган кыздардын абалынан кабар алышты. Өспүрүм кыздардын ден соолугу канааттандырарлык абалда экени белгилүү болду.

ӨКМ жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде, өзгөчө суу объектилеринин жээгинде коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Ошто өргүүдөгү куткаруучулар каналда чөгүп бара жаткан өспүрүм кыздарды куткарышты  

Сүрөт: ӨКМ

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты