Ошто милиция кызматкери жумушка уруксаты жок чет элдиктерди коркутууга жана пара алууга шектелүүдө

  • 7 месяцев мурун

21-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын катышуусунда Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) аймактык инспектору У.О.Ш.акча алып жаткан жеринен пара менен кармалды.

Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Ошто иштеген чет элдик жарандарга кысым көрсөтүп, коркутуп келгени аныкталган. Алардын жумушка уруксаты жок экенин билип туруп, ал алардан «калкалоо үчүн» деп, ай сайын 5000 сомдон 20 миң сомго чейин акча алып турган. Эгер чет элдик жарандар акчаны берүүдөн баш тартса, айып салып, акыры депортация менен коркутуп жүргөн.

Милиция кызматкери У.О.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошто милиция кызматкери жумушка уруксаты жок чет элдиктерди коркутууга жана пара алууга шектелүүдө

Тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты