Ошто мектеп-гимназиянын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 12 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  тарабынан (УКМК)  Ош шаарындагы Киров атындагы  №4  мектеп-гимназиянын уюштуруу иштери боюнча башчысы М.Ж.К 10 миң сом пара опузалоо фактысы менен кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, М.Ж.К. У.О. уулун биринчи класска киргизгендиги үчүн У.О. аттуу жарандан 10 миң сом опузалап алуу фактысы аныкталды.

24-июлда аталган акча каражатын алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Ж.К. кармалып, УКМКнын тергөө башкармалыгына жеткирилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты