Ошто үйгө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүүгө шектүү кармалды
- 1 неделя мурун
Ош шаарынын “Ак-Тилек” кичи районунун тургуну, 1987-жылы туулган аялдын киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу Ош шаардык ички иштер (ИИБ) башкармалыгына эрте менен саат 04. 10до кабар келген.
Ош шаардык ИИБ ыкчам тобу тарабынан аялдын муунтулуп каза болгондугу аныкталгандыгын шаарлык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, автомашинасын уурдап кеткен.
Шектүү мурда бул үйдө квартирант болуп жашап кеткендиги дагы маалым болду.
Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөттө: Шектүү. Ош шаардык ИИБ басма сөз кызматы
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан