Ошто «ишке орноштурам деп» 110 миң сомду алдоого шектүү кармалды  

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иштерди иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү катары Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген кызматкерди кармады.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын август айында Ош шаарында тейлөө кызматында иштеген М.Ж. аттуу жаран алдоо жолу менен А.Р.нын ишенимине кирип, мамлекеттик каттоо кызматына жумушка киргизем деп 110 миң сомун алып, бирок, же жумушка киргизбей, же алган акчасын кайтарып бербей койгон.

Аталган окуя боюнча А.Р. арыз менен кайрылып, кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен (алдамчылык) кылмыш иши козголгон.  

Бул иш боюнча Ош шаарынын калкту тейлөө кызматында башкы оператор болуп иштеген 30 жаштагы М.Ж. тергөө кызматына алынып келинди. Кылмыш ишти тергөө улантылып жатат.  

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты