Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген адвокат кармалды

  • 1 месяц мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында ири суммадагы алдамчылыкка шектелген адвокат М. Э. кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.    

Андагы маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 1-апрелинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (ИИБ) А.Р.  арыз менен кайрылган. Анда, 2024-жылдын январь айында “Э.” аттуу жактоочу Ош шаарындагы окуу борборуна лицензия алып беремин деп, жалпы 222 800 сомун, алып изин жашырып кеткенин билдирген.

Мындан сырткары, 2024-жылдын февраль айында “Э.” ошол эле убакытта арыздануучунун жашы жете элек балдарына атасынын уруксаты жок өлкөнүн аймагынан чыгарууга соттун чечимин алып беремин деп,  4800 сом алып, соттун жасалма чечимин берип, алдап кеткендигин билдирген. 

Тергөө иш — чараларынын жүрүшүндө “Э.” аталган акча каражаттарын алгандан кийин, тийиштүү лицензияны алуу боюнча жана сот органдарына кайрылуу боюнча эч кандай иш алып барбай, акчаларды ээлеп алуу максатын көздөп, арыздануучуга билим берүү жана илим министрлигинин жасалма буйругун, лицензиясын жана Ош шаардык сотунун жасалма чечимин жиберип, акчаны өзүнө алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Анадан сырткары Л.И. аттуу жаран ички иштер министрлигине (ИИМ) арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 20-июлунда Ош шаарынын аймагындагы «Э.» аттуу жактоочу А.Т. жана К.О.  аттуу жарандар менен бирге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусту боюнча башкармалыгы тарабынан ага карата козголгон кылмыш ишин бүтүрүп беребиз деп ишендирип, 16 миң АКШ долларын алып, бирок тергөөдөгү кылмыш ишин бүтүрбөстөн ар кандай шылтоолорду айтып алдап жүргөндүгүн билдирген. 

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 

 ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү М.Э. экендиги аныкталып, кармалып тергөө кызматына жеткирилген. Шектүү Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды. 

М.Э. жашаган женин тинтүү учурунда Ош шаарынын жана Ош облустук соттордордун 27 токтому, ноутбугу жана 2 даана такталбаган үлгүдөгү курал жана “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефону алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Азыркы учурда М.Э. аттуу жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарды да жасоого шектелүүдө. Тергөө амалдары улантылууда.

Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген адвокат кармалды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты