Ошто дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү Гүлчө суусунан табылды

  • 2 года мурун

Ошто бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү Гүлчө суусунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Гүлчө айылынын 71 жаштагы тургуну Ү. Б. үстүбүздөгү жылдын 12-январында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан.

18-январда ИИМ жана ӨКМ кызматкерлери Гүлчө суусунун боюнда издөө иштерин жүргүзүп, Ү.Бнын сөөгүн суудан алып чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты