Ошто аялына зомбулук көрсөткөн жаран 9 суткага камалды

  • 2 года мурун

Ошто аялына зомбулук көрсөткөн жаран 9 суткага камалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган К.М. аялына бир нече ирет зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалды.

«Иликтөө учурунда анын мас абалында аялына кол көтөрүп, коркутуп, зомбулук жасап келгендиги, буга чейин 2 ирет эскертүү берилгендиги аныкталды. Жогорудагыларды эске алып, Ош ШИИБинин Сулайман тоо милиция бөлүмү тарабынан аны жазага тартуу сунушу Ош шаардык сотуна келтирилген. Ош шаардык соту тарабынан аталган сунуш каралып, сот аялына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн жаран К.М.ны Кыргыз Республикасынын укук бузуулар тууралуу кодексинин 70-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) белгилери менен күнөөлүү деп таап, мурдагы зомбулуктарын эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайында 9 суткага кармоо боюнча чечим чыгарды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда аялына зомбулук көрсөткөн жаран кабыл алып бөлүштүрүү жайында кармалууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты