Ошто адам уурдоого жана ири сумма акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

Адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылган жарандарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) менен бирге кармады.

16-январда Ош шаарында Шоноев атындагы көчөдөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар  К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп машинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер: 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экендиги аныкталды. Алар аталган К.Д.У.ну Ош облусунун Өзгөн районуна карай алып кетишип, эки сутка кармашкан. Алар уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлоого шектелүүдө.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалгандар ШИИБ  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошто адам уурдоого жана ири сумма акча талап кылууга шектүүлөр кармалды
Ошто адам уурдоого жана ири сумма акча талап кылууга шектүүлөр кармалды
Ошто адам уурдоого жана ири сумма акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

Сүрөттөр: Ош ШИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты