Ошто 41 жаштагы аял күйөөсүн өлтүрүүгө шек саналып кармалды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда 41 жаштагы аял жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, 9-декабрда Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну М. А. өз үйүндө ашкана бычагынан алган жараатынан улам каза болгон.

Окуяга шектүү катары маркумдун 41 жаштагы аялы С. Ж. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жубайлар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодо жаралган пикир келишпестиктен улам аялы ашкана бычагы менен күйөөсүнүн көкүрөк тушуна бир ирет сайып жибергени белгилүү болгон. Натыйжада М. А. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, маркумдун денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кылмышка шектелип кармалган аял бир айга камалган, учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты