УКМК тарабынан Кара-Суу жана Араван райондук ИИБ тергөөчүлөрү кармалды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. тарабынан 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталганы маалымдалды.

УКМК маалыматында айтылгандай, кармалган О.Г.О.  кызмат абалынан кыянат пайдаланып, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотом деп аталган тергөөчү К.у.О. аттуу жарандан 3 000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган.

О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Ош облусунун Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү милициянын капитаны С.Н.С. ортомчулук кылгандыгы айтылат.  

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматы менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 600 АКШ долларын алуу учурунда О.Г.О. и С.Н.С. кармалган.

Алар кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөөчүлөрдүн жактоочусу же жакындары бул иш тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты