Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алууга шектелип кармалды
- 4 недели мурун
13-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан Ош жана Манас шаардык аскер комиссаритаттарынын үч кызматкери пара алууга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Башкы прокуратурасы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) жана 343-беренеси (опузалап пара алуу) беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында шектүү катары кармалып, камакка алынды.
Учурда аскер прокуратура органдары тарабынан кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




