Ош шаарынын сел жүргөн Кеңеш айылына 70 куткаруучу тартылды  

Бүгүн, 18-май күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жапалак айылдык аймагынын Кеңеш айылында сел жүргөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сел калдыктарын тазалоо иштерине Ош шаардык башкармалыгынан 70 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматынан 6 техника тартылды.

Социалдык тармактарда Ошто болду делген мындай видео тарады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 18-майда, Ош облусунун бир катар райондорунда сел жүрүп, унаа жолдорун жаап калган.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты