Ош облусунун бир катар райондорунда сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 18-майда, Ош облусунун бир катар райондорунда сел жүрүп, унаа жолдорун жаап калган.

Ноокат районунун Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда саат 12лер чамасында сел жүрүп жолду жаап калган. Жол тазаланып, өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү;

Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдү суу каптап, Мырзаке-Кара-Шоро ички чарбалык унаа жолунда сел жүргөн;

Ошондой эле Ош-Папан-Кожо-Келең унаа жолунда, Ак-Терек айылында сел жүрүп, жол кум-шагылга толуп, унаа жолу жабылып калган;

Ош облусунун Кара-Суу районунун Садырбай-Каратай унаа жолунун Кызыл-Ордо участкасын сел жеп кеткен.   

Сүрөттө: Өзгөн шаарындагы сел каптоо. ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты