Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри камакка алынды
- 10 месяцев мурун
2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен айыпталууда.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгон. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.
2025-жылдын 21-августунда Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен айыпталган.
Ош шаардык соту И.М.А.га карата 31-сентябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Ош шаарынын архитектурасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча УКМК тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




