Ош шаарынын мэри Токторбаевге этика ченемдерин аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш берилди

  • 10 месяцев мурун

Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбекке катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Катуу сөгүш берилгендигинин себеби “этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн” деп айтылат тескемеде.

Ал эми Жеңишбек Токторбаев 13-сентябрда «Ош-Сити» шаарчасынын курулушунда жай жүрүп жатканын сынга алгандыгы үчүн сөгүш берилгени коомчулукта айтылууда.

2-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу жасаган ишин ашыкча жарнамалап жаткан аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн сынга алган. Бирок Ош мэри Жеңиш Токторбаевдин иш стили ошондой экенин жана ага жарашып турганын, башкалар аны туурап, маскара болуп жатканын билдирди.

Сүрөт: Жеңишбек Токторбаев kenes.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты