“Ош мэрине жарашат. Башкаларга жарашпагандан кийин эмне кылат маскара болуп”. Төрага аткаминердин иш стили тууралуу

Бүгүн, 2-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында, Канат Сагымбаевдин талапкерлиги эмгек министрине сунушталып, парламент жактырып жаткан убакта төрага Нурланбек Тургунбек уулу жасаган ишин ашыкча жарнамалап жаткан аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн сынга алып, бирок Ош мэри Жеңиш Токторбаевдин иш стили ошондой экенин жана ага жарашып турганын, башкалар аны туурап, маскара болуп жатканын билдирди.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мындай деди:

«Акыркы убактарда шаар, район, облус башчылары бүт эле баскан-турганын, отурганын телефонго тартып, өзүн тарттырып, арашып-жатабы-жарашпайбы, ыгы барбы-ыгы жокпу, бардыгы эле көчөгө чыгып алды. Алардын милдети- унчукпай, ошол жерде жүктөлгөн ишти жасаса, эл баалайт. Аны сөзсүз эле пиар кылыштын кереги жок. Бардыгы эле Ош шаарынын мэрин туурап, көчөгө чыгып кетишти» деди парламент төрагасы.

Ал эми андай иш стили Ош шаарынын мэрине жарашып турганын кошумчалады:

«Ал Ош шаарынын мэринин өзүнүн стили, методу экен, ага жарашып жатат. Башкаларга жарашпагандан кийин эмне кылат жөн эле маскара болуп? Ошон үчүн жөн эле өзүнүн аткаруу бийлигиндеги ишин аткарсын, шаар башчылары, акимдер, губернаторлор. Токтотпойсуңарбы, жөн эле бир-эки таштандыны чыгарып атканды деле көрсөтүп, кыргыз элине жарыя кылып. Ал түздөн түз сиздердин кыла турган ишиңер. Ошондуктан, ар бириңер бирден-экиден блогер жалдап алганды токтоткула дагы, өзүңөрдүн ишиңерди кылгыла. Бул тескерисинче, элдин кыжырын кайнатып жатат, -деди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу.

Сүрөт: Нурланбек Тургунбек уулу. kenesh.kg          

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты