Ош шаарынын архитектура кызматкерлери мыйзам бузууларга шектелип кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунда курулуш стандарттарын одоно бузуу менен курулган бир катар курулуш долбоорлорун аныктады. Анын негизинде Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. жана Ош шаарынын архитектура боюнча адиси Т.З.М. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, долбоордук-сметалык документтерди даярдоодо долбоорлоочу уюмдар жана курулуш компаниялары курула турган объектилер боюнча, тагыраагы жашоочуларды унаа токтотуучу жайлар менен камсыз кылуу боюнча туура эмес маалыматтарды атайылап киргизип, анын негизинде Ош шаарынын архитектура кызматкерлери турак жай комплекстерин куруу долбоорлорун бекитишкен.
Атап айтканда, материалдык пайда алуу максатын көздөп, курулуш компаниялары коммерциялык имараттарды курушкан.
Ош шаарынын аймагында шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар системалуу түрдө бузуу байкалууда, бул объекттерди куруу мөөнөттөрүн создуктурууга, үлүшчүлөрдүн нааразычылыгына, транспорт абалынын начарлашына, жол тармагында тыгындардын пайда болушуна жана шаардык инфраструктурага кошумча жүк келтирүүгө алып келет.
УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында Ош шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Т.Ы.К. жана Ош шаарынын архитектура боюнча адиси Т.З.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери улантылууда.


Сүрөттөр: УКМК




