Ош шаарында жеке менчикке берилип кеткен оорукананын аймагы мамлекетке кайтарылды
- 2 года мурун
Ош шаарында жеке менчикке өтүп кеткен шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 22-ноярда Ош шаардык соту Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаарынын жана Ош аймактар аралык башкармалыгынын доо-арызын карап, чечим чыгарган. Ага ылайык, 16 миллион 335 миң сомго бааланган жерди мамлекетке кайтарылган.
«Тактап айтканда, жеке менчикке өтүп кеткен Курманжан-Датка көчөсүндөгү шаардык оорукананын аймагында жайгашкан мурдагы терапиялык бөлүмдүн имаратын жана алдындагы 726 чарчы метр жер тилкеси Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды»,- деп билдирди аталган министрлик.
Сүрөт: agro.gov.kg




