Ош шаарында жашыруун казинонун ишине бөгөт коюлду
- 7 ай мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жүргүзүп жаткан иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарында мыйзамсыз кумар оюндар жайынын бети ачылып, ага бөгөт коюлду.
27-апрелде тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюндар жайынан 327 миң сом акча жана 16 компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчиси Ж.А. дан 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!