Ош шаарында сойкуканалар аныкталды

  • 4 месяца мурун

22-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы шаардын ички иштер башкармалыгы менен бирдикте  сойкуканаларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, батирлердин биринде интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн эки кыз кармалды. Алар Ош шаарынын тургундары — А.У. жана К.А.

Мындан тышкары, акча табуу үчүн “боди массаж” салону деп жашыруун интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн, борбордон Бишкектен барган дагы үч кыз С., А. жана Н. аныкталды.

Ошондой эле чакыруу боюнча интимдик кызмат көрсөткөн эки кыз Д. жана Н. кармалды.

Бул кыз-келиндердин иштеген жерлерин тинтүү учурунда интимдик кызмат көрсөтүү үчүн кардарлар менен байланышууга гана колдонулган бир нече уюлдук телефондор, ошондой эле бир катар интимдик каражаттар табылган.

Жалпысынан сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 кыз аныкталып, тергөө органдарына жеткирилди.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын алкагында сойкукананын уюштуруучулары, батир ээлери жана сойкулукту уюштурууга тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты