Ош шаарында ооруканадан өрт чыкты (видео)
- 2 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 6-январда Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирип, видеосун жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 5 күжүрмөн эсеби тартылган. Жыйынтыгында, саат 8:30да тилсиз жоо чектөөгө алынып, саат 10:05те толугу менен өчүрүлдү.
«Өрттүн жалпы аянты болжол менен 468 чарчы метрди түзгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок»,- деп айтылат маалыматта.
Өрт эмнеден улам чыккандыгы тууралуу маалымат берилген жок.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!