Манас шаарында жаңы курулган имараттан өрт чыгып, эки киши көз жумду  

22-ноябрда Манас шаарына караштуу Ынтымак айылынын Каримбеков көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан, курулушу толук аяктай элек эки кабаттуу имараттан чыккан өрт саат 22:56да өчүрүлдү. Өрттөн эки киши көз жумду. Бир киши жабыркады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.

Маалыматта өрт кырсыгынын кесепетинен үч эркек адам жабыркагандыгы айтылат. Алардын экөө өрт чыккан аймактан чыгарылып, «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилген. Тилекке каршы, алардын бири ооруканада каза болуп, экинчиси учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми үчүнчү жаран өрт кырсыгы катталган жерде түтүнгө ууланып каза болгон. Анын сөөгү өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар тарабынан имараттан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Баштапкы маалымат боюнча, Манас шаарына караштуу Ынтымак айылынын Каримбеков көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүү иштерине саат 20:38де Манас шаардык 1 бөлүм, саат 20:51де кошумча 1 бөлүм, саат 21:08де 1 бөлүм жана башкармалыктын башчысы баштаган ыкчам топ тартылды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты