Ош шаарында «Кең-Сай» көмөк чордону пайдаланууга берилди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 30-октябрда, Ош шаарында “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана конуштун жашоочулары катышты.
Жаңы 110/10 кВ “Кең-Сай” электр подстанциясы Ош шаарынын Кең-Сай жаңы конушун, ошондой эле Гүлбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо максатында курулду.
Мындан тышкары, ал 110/6 кВ “Учар” жана 35/10 кВ “Гүлбаар” көмөк чордондорунун ашыкча жүгүн азайтууга өбөлгө түзөт.
Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




