Ош облусунда 8 миңден ашык суур, 20 ондатр катталды
- 1 месяц мурун
Ош облусунун аймагында жазгы суур жана ондатрларды эсепке алуу (санак) иштери жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында аймакта 8 миңден ашуун суур, 20 баш ондатр катталды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Иш-чара аталган министрликтин Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.
Санак иштеринин жыйынтыгында жапайы жаныбарлардын арасында жугуштуу оорулардын белгилери катталган жок.
Мындан тышкары, аңчылык чарбаларын пайдалануучулар, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик коруктардын жана жаратылыш парктарынын кызматкерлери менен бирге тиешелүү иш-чаралар уюштурулган.
Сүрөт: Жаратылыш ресурстары министрлиги
Муну бөлүшүү




