Ош облустук сотмедэкспертиза кызматкери 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан, каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн, Түркия жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 19-мартында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл аймагынын Көк-Таш тилкесинде 1995-жылы 14-ноябрда туулган Түркия  жараны Ч.А.С.нын сөөгү  табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБ тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы 14-октябрда Өзбекстанда туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү 1980-жылдын 15-сентябрында туулган Д.М. издөөгө алынган.

2025-жылдын 1-апрелинде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты