Ош ОИИБ Өзгөндө эки окуучунун мушташы боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирди

  • 1 год мурун

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндө болгон окуя боюнча маалымат берди. Анда айтылгандай, 2025-жылдын 22-май күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2011-жылы туулган И.Р. аттуу жаран денесинен жараат алып, ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ош облусук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалымат боюнча,  иликтөөнүн жүрүшүндө 2025-жылдын 21 -майында Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде окуган 8-класста окуган И.А.жана И.Б. аттуу окуучулар өз ара пикир келишпестиктен уруша кеткендиги маалым болгон. И.А. га соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Бирок, И.А.нын атасы И.Р. ошол күнү арыз жазуудан баш тартып, кайра 26-май күнү арыз менен кайрылган.

Учурда окуяга күбөлөр суралып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Белгиленгендей, тергөө кызматынын берген маалыматына ылайык, окуя эки окуучунун ортосунда гана болгон.

Кийинки кездерде мектеп окуучулары арасында мушташта жабыркаган жана каза тапкан окуялар басымдуулук кылууда. Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мектеп окуучулары арасында мушташ болуп, 2008-жылы туулган өспүрүм алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапты.

Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан каза болуп калгандыгы айтылды. 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 2025-жылдын 12-февралында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан каза болуп калган.

Иллюстрациялык сүрөт: Ош ОИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты