Ош облустук ИИБ: Ат майданындагы окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат

  • 8 месяцев мурун

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) бүгүн, 31-августта, Ош шаарында президенттин кубогуна арналган көкбөрү оюнунун финалдык беттешинин акырында чыккан чыр-чатак боюнча билдирүү таратып, бул ишти териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

«Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында трезиденттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча финалдык беттеше 40 миңден ашуун көрүүчү келген. Финалдык беттеш аяктар алдында калыстын чечимдерине көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, көрүүчүлөр бейбаштык кылып калыстарга карата куру желим бөтөлкө ыргытышкан. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ат майданындагы окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат»

Азыр абал тынч экени белгиленди:

«Учурда «Төлөйкөн» ат майданынан бардык жарандар тарашкан, аталган аймакта абал тынч.Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо», деп билдирди Ош облустук ички иштер башкармалыгы.

Бүгүн, 31-августта, кечке жуук Эгемендиктин 32 жылдыгынын урматына Президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча мелдештин акыры чыр-чатакка айланды.

Сүрөт: Ош ОИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты